Turmush — Араван жана Өзгөн райондорунда «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Машыгуу 3 этаптан өткөрүлүп, республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун күчтөрү аскердик абал режимин камсыз кылуу боюнча практикалык аракеттерди көрсөтүштү. Анда милиция кызматкерлери жүктөлгөн милдеттерди жогорку деңгээлде аткарышты.
Үчүнчү этап аяктагандан кийин машыгуунун расмий жабылуу аземи өткөрүлдү.
Ага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик, Ош ОИИБдин башчысынын орун басарлары жана РИИБ башчылары катышты.
Иш-чаранын соңу өзгөчөлөнгөн катышуучуларды сыйлоо менен жыйынтыкталды.