Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 10.01.2020 14:13

Куркулдайдын уясы эркектик кубаттуулукту арттырабы? Адистердин жообу

Куркулдайдын уясы
Куркулдайдын уясы
// Турмуш

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунун 50 жаштагы тургуну Жамалбек Нарынбеков элдик дарылоо ыкмаларын көп пайдаланып келет. Ал куркулдайдын уясы менен табарсык ооруларын айыктырса болорун айтып берди.

«Куркулдайдын уясы эркек кишинин табарсыгына миӊдин бири. Муну кыргыздар илгери көп колдонушчу экен. Негизи кеп уяда деле эмес. Кеп, ошого конгон чымчыктын шилекейинин дарылык касиетинде. Уясын жасап жатканда уядагы жүнгө чымчыктын шилекейи калып калат. Ал табарсыктагы кан айланууну жакшыртып, эркектик кубаттуулукту арттырат», - деди ал.

Ал эми Чүй облустук бириккен ооруканасынын уролог бөлүмүнүн адистери буга төмөнкүдөй жооп беришти.

«Ушул ыкманы угуп жүрөбүз. Бирок практикада колдонуп көргөн эмеспиз. Бул дарылоо ыкмасы медицина жакшы өнүгө элек заманда кеӊири колдонулса керек. Азыр доор алмашып, миӊдеген дары-дармектер турганда мындай эски ыкманы колдонуунун зарылчылыгы жок. Азыр заманбап дарылар абдан көп. Эркек кишинин табарсыгын дарылай турчу ыкмалар дагы абдан өнүккөн», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×