Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 30.12.2019 12:38

Чүй районундагы окуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районундагы маданият үйүндө акимдин жаӊы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Чүй райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Бакыт Караев катышып, балдарга каалоо-тилектерин билдирди.

Концерттик программа менен коштолгон майрамга аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана предметтик олимпиадада алдыңкы орундарды алган окуучулар катышты. Жалпы 60 бала чакырылган. Аларга таттуу белектер, жууркандар берилди. Ал эми олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×