Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 12.12.2019 11:47 На русском

Чүйдө хаус тургундун тоокторун кырып салды. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүйдө камыш сүлөөсүнү 50 тоокту кырып салды. Эртең менен тоокканага кирген тургун өлгөн тоокторду көргөн. Андан кийин бурчтан бир кыймылды байкап, ырылдаган үндү уккан. Дароо тооккананын эшигин жаап, жардамга кошунасын чакырган. Алар тооктун баарын кырган белгисиз жандыкты кармоого аракет кылып, тоок сарайдын бурчунан камыш сүлөөсүндү көрүшкөн.

Эколог Александр Сидоренконун айтымында, XIX кылымдын башында XX кылымдын аягында камыш сүлөөсүнү, камыш мышыгы же хаус камыштуу бадалды мекендеген.

Алар жапайы мышыктардын бир уруусу. Хаус үй мышыгынан бир кыйла чоң, тулку боюнун узундугу 60-90 сантиметр. Куйругу 30 сантиметрге жетет. Кыргоолго, өрдөккө жана башка ушул сыяктуу канаттууларга аң улоого чыгат.

Бул окуяны бир нече факторлор менен түшүндүрүп берсе болот: ушундай жаныбарлардын мекендеген жеринин аянты адамдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында кыскаргандыгы, камыштуу балдардын жок кылынышы жана камыш сүлөөсүндүн санынын көбөйгөндүгү менен байланыштырсак болот. Аларга мергенчиликке чыгууга тыюу салынган. Бир баш сүлөөсүн үчүн айып пулдун көлөмү 5000 сом», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×