Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 11.12.2019 15:19

Кечки мектептен башталган сүйүү баяны

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Ак-Бешим айылынын тургундары Эмил Кожомкулов менен Ракыя Жумабекованын баш кошуп, бирге жашап келе жатканына 52 жылдын жүзү болду. Алардын 3 кыз, 2 уул, 14 небере, 7 чөбөрөсү бар.

Эмил Кожомкулов 1942-жылы 18-январда Чүй районунун Ак-Бешим айылында төрөлсө, Ракыя Жумабекова 1947-жылы 22-октябрда Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында төрөлгөн.

«Абышкам 13 бир туугандын үчүнчүсү. Анын атасы Улуу Ата Мекендик согуштан келбей калган. Ал кезде абышкам энесинин курсагында экен. Ал эми эки агасы атасын көрүп калышыптыр. Кийин апасы башкага турмушка чыгып, андан он балалуу болгон. Аталган эки агасынын улуусу 81 жашка чыгып каза болсо, кийинки агасы 81 жашта. Бактылуу карылыкты өткөрүп жатат. Мен болсо 8 бир туугандын улуусумун.

Биздин 3 кыз, 2 уулубуз бар. Эки кызыбыз соода тармагында, бир кызыбыз жогорку окуу жайлардын биринде англис тил мугалими, бир уулум электрик, бири такси кызматында иштейт. 14 неберебиз, 7 чөбөрөбүз бар.

Фрунзе шаарындагы №15 кечки мектепте окугам. Ал кезде атамдын эжеси шаарда жашачу. Анын кичинекей балдарын карашсын деп жиберишкен. Бул мектепти аяктаган соӊ В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшырып, башталгыч класстын мугалими болуп чыктым. Мени жолдомо аркылуу Ош облусундагы мектептердин бирине жөнөтүшмөк. Бирок, менин төрөй турган убагым жакындап калганы үчүн Чүйдөгү Ак-Бешим айылындагы орто мектепке жиберишкен. Ошентип мектепте 25 жыл иштедим. Мен дагы деле иштей бермекмин. Ден соолуктун айынан жумушту тапшырып бергем. Болбосо бул кесип менин жашоомдун бир бөлүгү эле. Мен кесибимди сүйөм. Жумуштан чарчаган жокмун. 23 жылдан бери ардактуу эс алуудамын», - деди Ракыя апа.

Жубайлар 1967-жылы баш кошуп, алгач туугандары үчүн чакан той өткөрүшсө, кийинки жылы жаштар үчүн үлпөт той өткөрүшкөн.

«Жолдошум менен 4-курсумда, тактап айтканда 1967-жылы баш коштум. Айыл элине, туугандарга үйдөн чакан той өткөргөнбүз. Андан кийин өндүрүштүк практикам башталып, Нарын шаарына бардым. Ал жерден келсем абышкамдын топтоп койгон акчасы бар экен. Досторубузду чакырып, үйлөнүү үлпөт тоюбузду өткөргөнбүз. Ошондо 1968-жылдын 8-март күнү болчу. Эмил 25 жашка, мен 20 жашка чыккам. Ал кезде Эмил курулуш тармагында «Ленин» заводунда иштечү. Ал мектепти бүткөн бойдон окуган эмес экен. Экөөбүз баш кошкондон кийин менин институттагы кураторум «Эмилди окутуп ал» деп кеӊешин берип жүрдү. Анын кеӊеши менен Кант шаарындагы техникумда окуп, андан кийин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда билим алды. Өзүнүн кесиби менен иштеп жүрүп пенсияга чыкты.

Экөөбүз жогоруда айткан №15 кечки мектептен таанышканбыз. Ал дагы ошол мектепте окуучу. Кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк», - деди ал.

Ракия апа өзүнүн студенттик күндөрүн, мектепте иштеген мезгилин эстеп айтып берди.

«Студенттик күндөрүм жакшы өттү. Мыкты студент, активист болчумун. Кийин жумушумду жакшы аткарып жүрүп, Ак-Бешим айылдык кеӊешинин депутаты болгом. Мектеп директорубуз мени «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине көрсөтүп жатканда жумуштан кетип калды. Кийинки келген директорубуз да мени көрсөтөм деп жүрүп, ар кандай себептер менен ишке ашпай калды. Өзүм менен иштегендер «ушул сенин эмгегиӊ кагаз жүзүндө бааланбай калды» дешип өкүнүп калышат.

Ата-энелер «баламды сен окут» деп, уул-кыздарын жетелеп келе беришчү. Муну мен эмгегимдин үзүрү деп билчүмүн. Окуткан окуучуларым менен аябай сыймыктанам. Алар жолугушуу кечелерине чакырганда аларды көрүп кубанып, мектепке жаӊы келген кездерин эстейм. Алардын жакшы жактарын, жетишкен ийгиликтерин көргөндө ыраазы болом. Өзүмдө болуп жаткандай сүйүнөм. Туура эмес жактарын көргөндө капа болуп зээним кейийт. «Мен силердин экинчи апаӊармын» деп коем.

Өзүм бала кезде эле бөбөктөрдү чогултуп алып, аларга бир туруп мугалим болуп, бир туруп дарыгер болуп, тикенектен ийне жасап ойночу элем. Мектепти бүткөндө үйдөгүлөр мугалим болууга түрткү беришти. Бул кесиптин ээси болуп калганыма ар дайым сыймыктанып келем», - деди ал.

Ракыя апа жаш жубайларга кеп-кеӊешин да айта кетти.

«Жашообуздагы бактылуу учурлар көп эле. Баш кошкон күнүбүз, диплом алган учур, балалуу болгондогу кезибиз, келиндүү, күйөө балалуу болуп, небере жытын жыттаган учурубуз, мектептеги өзүбүз окуткан окуучуларыбыздын бүтүрүү кечеси, 10 жылдык, 20 жылдык кечелер, айтор кубанычтуу күндөр көп болгон.

Жаш үй-бүлөлөргө айтарым, баш кошкон тоюӊарда айтылган каалоо-тилектер аткарылышын каалар элем. Ошол учурду дайым эсиӊерден чыгарбагыла демекчимин. Бир колуӊардын ачуусун экинчи колуӊар менен басып, көтөрүмдүү болгула. Бири-бириӊерди аяп, түшүнүшүп жашагыла. Ата-эненин эмгегин баалагыла. Барга көппөй, жокко чөкпөй, күнүмдүк кыйынчылыктарды биргелешип жеӊе билгиле. Үлгүлүү үй-бүлө болуп, жакшы жактарыӊар менен турмуш кечиргиле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×