Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 10.12.2019 12:17

Чүйлүк тургун 500 жыл мурун жасалган кумараны сактап жүрөт. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Чүй районунун тургуну 500 жыл мурун жасалган кумараны сактап жүрөт. Анын божомолу боюнча кумара байыркы Невакет шаарындагы жергиликтүү тургундардын колдонгон буюму болгон. Алмаз (өзүнүн суранычы менен аты өзгөртүлдү) бул буюмду атасынын досу союз мезгилинде таап алганын белгиледи.

«Эми менин аты-жөнүмдү жазбай эле кой. Себеби, жерден бир нерсе таап алсаӊ эле өкмөттөн келип, «бул мамлекеттики» деп алып кетип калышат экен. Мен муну атамдан калган таберик катары сактап жүрөм. Кези келгенде тарых музейине тапшырып же ушундай буюмдарды жакшы көргөн адамдарга сатам. Бул керамикадан жасалган экен. Ысык-Ата районундагы Красная-Речка айылынын жанында байыркы Невакет шаары жайгашкан. Ошол шаарда колдонулган. Мындан 500 жыл мурунку буюм болушу мүмкүн. Балким андан да көп жашашы мүмкүн», - деди ал.

Невакет — орто кылымга таандык шаарлардын бири. Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабында жайгашып, Ал-Хорезми (9-кылым) боюнча 44˚ кеңдик, 104˚ узундуктан орун алган. Тарыхчылардын көпчүлүгү (А.Н. Бернштам, Ө.Караев, Т.Д. Жуманалиев, В.Д. Горячева жана башка) аны азыркы Орловка шаары, В.В. Бартольд жана башка Желаргы (Жел-Арык), айрымдары Кызыл-Суу кыштагынын аймагы (А.Камышев) деп эсептешет.

Жазма маалыматтарда (Согду документтери) биринчи жолу 711-жылы эскерилет. 737-жылы Невакет түргөштөрдүн каганы Сулук Чабыш-Чор (моюн сунбаганы үчүн арабдар аны «Абу Музахим», «Сүзөөнөк» деп аташкан) турган ордо шаар болгон. Улуу Жибек жолунун жээгинде жайгашкандыктан, Невакет стратегиялык жактан маанилүү шаарлардын бири болуп эсептелген. 748-жылы кытай кол башчысы Ван Чжен-Сян Түргөш кагандыгынын борбору Суябды талкалагандан кийин, Батыш түрк (карлук) каганынын ставкасына айланган. Археологиялык казуулардын негизинде Невакет шаарынын тургундары 8-10-кылымда будда дини менен катар несториан динин кабыл алышканы далилденген.

Невакет шаар калдыгын 20-кылымдын 39-40-жылдары археологдор А.Н. Бернштам, 50-60-жылдары П.Н. Кожемяко жана Л.Р. Кызласов, 80-90-жылдары В.Д. Горячева жана башка изилдеген. Археологиялык казуу учурунда түрдүү түстө боёлгон карапа жана айнек идиштин сыныктары, үй-тиричилигине керектүү шаймандар (бычак, кайчы жана башка), асыл буюм (күмүш билерик, акак таштан жасалган шуру жана башка), согуш буюмдары (жебе, окчонтой), түргөш жана Караханиддер дооруна таандык тыйындар табылган. Невакет шаары болжол менен 13-кылымда жашоосун токтоткон, бирок шаар калдыгы кийин дагы көрүстөн катары пайдаланылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×