Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 07.12.2019 20:39

Чүйдөгү Он бир-Жылга айылынын аталышы кайдан келип чыккан?

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда Он бир-Жылга айыл аймагы жайгашкан. Бул айыл өкмөттөгү 6500 киши мал чарба, дыйканчылык менен жан багышат. Аймактык кабарчы аталган айылдын тарых-таржымалы тууралуу маалымат топтоду.

Айыл өкмөт башчысы Ильичбек Сыдыковдун айтымында, айыл өкмөт 1996-жылы түптөлгөн.

«Он бир-Жылга деп аталып калганынын себеби төмөнкүдөй. Айыл тоонун этегинде жайгашкан. Ушул тоо 11 коктуга бөлүнөт. Ошондон улам Он бир-Жылга деп аталган.

Он бир-Жылга айыл өкмөтү 1996-жылы түзүлгөн. Ага чейин «Прогресс» колхозу болчу. «Прогресс» колхозуна төрт айылды бириктиришкен. Ал төрт айыл өз-өзүнчө колхоз болуп турган экен. «Кайырма», «Он бир-Жылга», «Бака-Булак», «Прогресс», «Маданият» деген колхоздор. Учурда бул айыл аймагына Прогресс, Кайырма, Он бир-Жылга, Маданият жана Арал айылдары карайт. Ар бир айылда мектептер бар. Анын үчөө орто мектеп, бири мектеп-комплекси. Маданият айылындагы мектеп жаӊы курулган. Төрт айылда ФАП бар. Маданият айылындагы ФАП капиталдык оңдоодон өтсө, Он бир-Жылга айылында демөөрчүлөр тарабынан жаӊы ФАП курулган. Кайырма айылында дагы жаӊы ФАП салынган. Прогресс, Маданият жана Он бир-Жылга айылында маданият клубдары бар. Анын экөө капиталдык оңдоодон өткөн. Ар бир айылда мечит бар. Прогресс айылында кичи футбол аянтчасы бар. Кайырма айылында демөөрчүлөрдүн жардамы менен кичи футбол аянтчасы курулуп жатат», - деди ал.

Ильичбек Сыдыков: «Айыл аймагында завод, фабрика деген жок. Жалпы 6500 киши жашайт. Алар мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет. Көбүнчө кызылча, жүгөрү жана башкаларды өстүрүшөт.

Сыймыктанганыбыз, өзүбүз дотацияда турган айыл аймак болгонубузга карабай ар кандай демөөрчүлөр, долбоорлор менен иштеп, өнүгүү жолун издеп келебиз. Суубуз таза, жайытыбыз кенен. Жол маселеси 2 жылдан бери карала баштады. Айыл өкмөткө караштуу ички жолдорду четинен жасап жатабыз. Быйыл 1 млн 100 миӊ сомго ички жолдорду жасадык. Мындан тышкары республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка Прогресс айылындагы жолдун 1 чакырымын, Он бир-Жылга айылындагы жолдун 1 чакырымын асфальттаганга жетиштик. Ошону менен Прогресс айылынын жолдору толугу менен оңдолуп бүттү. Кайырма айылынын 200 метр жолун асфальттадык. Көптөн бери иштебей турган суу топтомо оңдолду.

Быйыл АРИСтен 1 млн 300 миӊ сомдук долбоор утуп алдык. Ал каражат менен төрт айылдын борбордук көчөлөрүн жарыктандырабыз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×