Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 15.11.2019 09:36

Чүй айылында көптөн бери иштебей турган жол чырак оӊдолду

Turmush -  Чүй районуна караштуу Чүй айылындагы Сансызбаев менен Межевая көчөлөрүнүн кесилишиндеги көптөн бери иштебей турган жол чырак оӊдолду. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди.

«Чүй райондук аймактык оорукананын жанындагы жол чырак иштеп баштады. Биз бул маселе боюнча көп жерге кайрылганбыз. Акыры өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев өзү көзөмөлдөп, чечип берди. Жол чырак 14-ноябрда ишке берилди», - дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×