Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 14.11.2019 16:49

Жубайлар: 55 жыл бирге өмүр сүргөн Асан ата менен Асира апа

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Асан Эралиев менен Асира Эралиева. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Асан ата 1941-жылы 10-апрель күнү Чүй районунун Султан айылында төрөлсө, Асира апа 1947-жылы 10-майда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында төрөлгөн. Бактылуу жубайлардын 4 уул, 4 кыз, 20 небере жана 4 чөбөрөсү бар.

Асан атанын айтымында, ошол кезде аялы күйөөсүнүн фамилиясына өтүү мода болуп жаткан.

«Биз баш кошкон убакта азыркыдай үйлөнүү үлпөт тойлор болчу эмес. Айылдагы үйдө чакан туугандардын катышуусунда ак нике кыйылып, той болчу. Жубайым тай жактарыма бөлө болуп кетет. 1964-жылы Кочкорго келин болгон эжеме учурашууга барып калдым. Ошондо болочок жубайым менен тааныштырып калышты. Үйлөнө турчу убагым келип калгандыктан жана эжемдердин кеӊеши менен таанышкандан кийин эле үйгө алып келгем. Ошентип баш кошконбуз», - деди ал.

Ал эми Асира апа 55 жыл аралыгында кыйынчылыктарды бирге көтөрүп, жашоонун бактылуу көз ирмемдерин чогуу өткөрүп келишкенин баса белгиледи.

«Азыркы жаштар чыдамкай болсо дейт элем. Учурда турмуш абдан жакшы болуп калды. Биздин убакта жашоо кыйын болчу. Бирок, ошого карабай жубайлар бактылуу жашашчу. Ынтымактуу үй-бүлө куруп, кыйынчылык болсо да ага баш ийбей, экөөлөп жеӊип чыгышчу. Мына ошонун үзүрүн эми көрүп, уул-кыздардын чайын ичип, небере-чөбөрө жыттап отурабыз. Жаштар ыймандуу болушса дейм. Ата-энесин, эл-журтту сыйласа, өздөрү да кем болбойт», - деди Асира апа.

Асан ата менен Асира апанын билимдери орто. Асан ата 15 жыл колхоздо, кийин 10 жыл уй кайтарып иштесе, 27 жыл суу чарбада эмгектенген. Ал эми Асира апа 40 жыл саанчы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×