Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 12.11.2019 16:39

Чүй РИИБдин жетекчисинин орун басары А.Токомбаевди ардактуу эс алууга узатышты

Turmush -  Чүй районунда 2 милиция кызматкерин ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Чүй РИИБдин кызматкерлери башкармалыктын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги Алмазбек Токомбаевди жана Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын жетекчиси, милициянын майору Жаныбек Токталиевди салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Ардагерлер буга чейин башкармалык тарабынан төш белги, ардак грамота, ыраазычылык кат жана ИИМдин «Милициянын отличниги» төш белгиси менен сыйланышкан. Алар өздүк курамга үй-бүлөлөрүн коргоп, офицер наамын татыктуу алып жүрүүгө чакырышты.

Чүй РИИБдин жана Токмок ШИИБдин жетекчилиги, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү А.Токомбаев жана Ж.Токталиевге ыраазычылык билдиришип, эстеликке баалуу белектерди тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×