Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 11.11.2019 13:56

Чүйдө жыл башынан бери 129 зордуктоо фактысы катталды. Облустагы кылмыштар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  2019-жылдын 9 айында (жыл башынан бери) Чүй облустук прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багытында 237 текшерүү жүргүзүлүп, 631 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Анын негизинде 311 акт түзүлүп, 33 факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасы билдирди.

Түзүлгөн актылардын негизинде 210 кызматкер жоопкерчиликке тартылып, мамлекетке келтирилген 5 млн 168 миң сом зыяндын орду толтурулду.

- Ошондой эле мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 484 текшерүү жүргүзүлүп, 978 акты түзүлгөн. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине 114 факт катталган. Мамлекетке келтирилген 7 млн 284 миң сом зыяндын орду толтурулган.

- Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо багытында 207 текшерүү жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген 407 миң сом зыян калыбына келтирилди. 5 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

- Балдар жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо багытында 9 айдын ичинде 171 текшерүү жүргүзүлүп, 190 прокурордук акт түзүлдү. 192 кызматкер жоопкерчиликке тартылып, 4 материал боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле сотко 5 доо арыз келтирилип, алардын төртөө канааттандырылды жана бирөө каралууда.

- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 12 миң 562 кылмыш жана 10 миң 43 жорук тууралуу маалымат катталган. Катталган кылмыш иштердин ичинен адамга карата жасалган кылмыштар 8,3 пайызды түзсө, экономикалык кылмыштар 53,7 пайызды, коомдук тартипти бузуу кылмыштары 14,8 пайызды, мамлекетке каршы кылмыштар 2,8 пайызды түзгөн. Кылмыштардын жарымынан көбү экономикалык иш жүргүзүүгө каршы кылмыштар экенин көрүүгө болот. Мындай көрүнүш жарандардын социалдык-экономикалык абалы, жеңил пайда табууну көздөө жана облустун Бишкек шаарына жакын жайгашканы менен түшүндүрүлөт.

- Тогуз айдын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 428ди түзгөн, алардын ичинен оор кылмыштардын саны — 193, өзгөчө оор кылмыштардын саны — 235. 32 адам өлтүрүү фактысы катталган. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 34,6 пайызга төмөндөгөн. Бул кылмыштардын 84,3 пайызынын бети ачылды. Оор кылмыштардын көбү мас абалда жана үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам келип чыккан.

- Каракчылык боюнча 28 кылмыш катталып, анын 10у соттун кароосуна жөнөтүлгөн, бирөө өндүрүштөн кыскартылган, төртөөнүн бети ачылып, тергелүүдө, 13 кылмыш иштин бети ачыла элек.

- Зордуктоо боюнча 129 кылмыш катталып, анын 29у соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 49у өндүрүштөн кыскартылып, 51 иш тергелүүдө. 14 кылмыштын бети ачылып, 37 кылмыштын бети ачыла элек.

- Ден соолукка оор зыян келтирүү фактысы боюнча 50 кылмыш катталган, анын ичинен соттун кароосуна 25 кылмыш иши жөнөтүлгөн, төртөө өндүрүштөн кыскартылып, 8 иштин бети ачылып, тергелүүдө. 17 иштин бети ачыла элек.

- Чүй облусунда жалпы кылмыштардын 13,3 пайызынын бети ачылган.

- 9 айдын ичинде облуста прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 500 капысынан текшерүү жүргүзүлгөн. Акыйкатчынын жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү менен биргеликте 10 капысынан текшерүү жүргүзүлгөн. Алардын жыйынтыгында 7 прокурордук акты түзүлүп, мыйзам бузууга жол берген 4 кызматкер жоопкерчиликке тартылган, 2 сунуш каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×