Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 24.01.2018 13:47 На русском

Токмоктун тургунун өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (видео, фото)

Turmush -  Чүй районунда жөө жүргүнчүнү унаасы менен өлтүрө сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү Кемин районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал 20-январь күнү саат 19:30 чамасында Бишкек–Торугарт жолунун Арал айылындагы тилкесинде унаа башкарып бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерден из жашырган. Жол кырсыктын кесепетинен Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну ошол жерде көз жумган.

Аталган факты Чүй РИИБге катталып, Чүй, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүштү.

«Аткарылган иштердин жыйынтыгында Кемин районундагы үйлөрдүн биринде жол кырсыкка кабылган «Nissan Primera» үлгүсүндөгү унаа табылды. Сурак учурунда унаанын 52 жаштагы айдоочусу — Кемин районунун тургуну А.С. аталган кылмышты мойнуна алды», - деп айтылат маалыматта.

Автоунаа Чүй РИИБге жеткирилип, жол кырсык фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иш козголду. Шектүү Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×