Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

«Сертификатты кааласаң өрттөп сал»: Дзюдочу Эдилбектин атасы уулуна 100 миң сомдук байгеси берилбегенине нааразы (фото)

Turmush -  Чүй районундагы Кегети айылынын 14 жаштагы тургуну Эдилбек Субанбеков 5 жылдан бери дзюдо менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Ал 2017-жылы 2-сентябрда Курман айтка карата Сокулукта өткөн ат оюндар боюнча чоң масштабдагы спорттук мелдештерге катышып, кыргыз күрөштөн 1-орунду ээлеп, баш байгени жеңип алган. Мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Эдилбектин колуна баш байге — 100 миң сомдук сертификат берилген. Бирок ал байгеси ушул күнгө чейин берилбей жатканын аймактык кабарчыга спортчунун атасы Замирбек Абдралиев билдирди.

сертификат2

«Баш байгеге ээ болгон балам үйгө кубанып келген. Кийин ал байгени алуу үчүн сертификатта көрсөтүлгөн курулуш компаниясына бардык. Алар "акча накталай берилбейт, эгер бизге үй курдурсаңар кеткен чыгымдын ичинен 100 миң сомду кемитебиз" дешти. Мен "үй салдырбайм, акчасын эле бербейсиңерби" десем, "акча берилбейт" деп кайра жооп беришти. "Баламдын шагын сындырбай, сертификатты колуна карматпай эле койсоңор болмок. Биз медаль менен дипломго деле сүйүнүп калмакпыз" дедим. Кийин ал курулуш компанияга телефон чалып, "жок дегенде 20 пайызын бербейсиңерби" десем, "болбойт, кааласаңар сертификатты өрттөп салгыла" деп жооп беришти», - деди ал.

Анын айтымында, уулу дзюдо менен 4-класстан бери машыгып келет. Учурда ал Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы спорт-интернатта 8-класста окуп жатат.

1 сертификат

«Уулум 4-класстан 7-класска чейин Кегети айылындагы спорт залдын машыктыруучусу Нурбек Дөөлөтбековдун колунда тарбияланды. Жубайым экөөбүздүн 4 балабыз бар. Эдилбек үйдүн улуусу. Аны жубайым 18 жашында 7 айлык кылып төрөгөн. Буга карабастан уулубуз чыйрак жана тың болуп чоңойду. Бала кезинде эле "мен да Эмил байкемдей балбан болом" дечү. Эмил деген иним дзюдо менен машыгып, спорттун чебери болгон. Уулум 4-класста окуп жатканда иним аны аталган машыктыруучуга дайындап, спортко алып келди.

Уулум менен абдан сыймыктанабыз. Ал спортто бир топ ийгиликтерди багындырды. 2015-жылы Ысык-Көл облусундагы Бакачы ата кубогунда самбо боюнча 26 кг салмак даражадагылар арасында күч сынашып, 1-орунду алса, өткөн жылы Бишкекте Мекен коргоочулар күнүнө карата өткөн дзюдо боюнча таймашта 38 кг салмак даражасында 1-орунга ээ болду. 2017-жылы борбор калаанын биринчилигинде жана Апрель элдик революциясынын баатырларынын элесине арналган эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Ошондой эле, Ысык-Ата районунда өткөн республикалык мелдеште жана Курман айт майрамында уюштурулган кыргыз күрөш боюнча беттеште да 1-орунду багындырды. Мындан тышкары, 2-3-орундарды да алып жатат. Эдилбектин жалпы ар кандай даражадагы 31 медалы бар», - деди ал.

Ал эми, жеңүүчүлөргө сертификатты берген курулуш компаниясынын директору Уралбек Бахирдиновдун айтымында, сертификатта накталай акча берилбейт деген жазуу бар. Жеңүүчүлөр үй курдурган учурда гана аталган компания 100 миң сомдук арзандатуу берет.

«1-орундарга 100 миң сомдук бонустук сертификаттарды бергенбиз. Бонустук сертификат деген – бул арзандатып берүүчү сертификат дегенди түшүндүрөт. Ал тургай, ал сертификаттын өзүндө деле «накталай акча түрүндө берилбейт» деп жазылып турат. Дүйнөлүк практикада курулуш компаниялар ушундай ыкма менен мелдештерде байге катары бонустук сертификаттарды берип келишет. Мелдештин жеңүүчүлөрү ошол курулуш компаниянын кызматын колдонуп, үй салдырат. Үй салдырганда бардык кеткен чыгымдан 100 миң сомду кемитип, арзандатып беребиз. Биз бул жерден биринчиден пайыздык өлчөм койгон жокпуз. Экинчиден жеңүүчү балдардын атын сертификатка жазган жокпуз. Себеби, алар өздөрү үй салбаса анда башка туугандарына, муктаж болгон жаш үй-бүлөлөргө берип койсо да болот. Же сертификатты баалап сатып жиберсе да болот. Ал сертификатты сатып алган киши аны бизге алып келип, 100 миң сомдук арзандатуу менен үй салдыра алат. Бизге келгендерге айтып, түшүндүрүп жатабыз. Бул сертификаттын мөөнөтү да каралган эмес. Кайсы убакта болсо келе берсе болот», - деди ал.

2017-жылдын 2-сентябрында Чүйдүн Сокулук районунда улуттук ат оюндар боюнча чоң масштабдагы спорттук мелдештер өткөн. Иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Курман айтка карата уюштурулган болчу. Улуттук оюндарды колдоо жана жайылтуу максатындагы иш-чарада спортчулар улуттук оюндардын жыйырмага жакын түрүнөн күч сынашкан.

Тема боюнча: Сокулуктагы улуттук оюндар мелдешинин байгесине 85 баш боз үй жана 2,5 млн сом коюлат

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 26516
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×