Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Жаш талант: А.Карабеков 4 жылдан бери дзюдо менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети айылында 2007-жылы төрөлгөн Актан Карабеков 4 жылдан бери дзюдо менен машыгып, бир топ ийгиликтерге жетишти. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

«Мен учурда Өмүралы Исаев атындагы №24 орто мектебинин 5-классында окуйм. Биздин айылда дзюдо менен машыктырган спорт зал бар. Ошол жерге 2-классымдан баштап катышып, андан бери бир топ ийгиликтерге жетиштим. Агайым Нурбек Дөөлөтовдун машыктыруу ыкмалары абдан жагат. Биздин ушул ийгиликтерге жетишибизге анын салымы чоң.

Атам Кулмат менен апам София айылда мал чарбачылыгы менен алектенип, дыйканчылык кылышат. Атам да бойдок кезинде спорт менен машыкчу экен. Мен үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусумун. Менден кийин Толгонай жана Акылай деген эки карындашым бар», - деди ал.

Жаш спортчу дзюдо менен бир топ мелдештерге катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

«Спорттун арты менен Кыргызстандын бардык облустарын кыдырып келдим. 2016-жылы биздин Кегети айылында өткөн мелдеште 2-орунду, ушул эле жылы Чүй айылындагы мелдеште 1-орунду камсыздагам. 2016-жылдын 24-декабрында Токмок шаарынан 1-орунду, Ош шаарынан 3-орунду алып, 2017-жылы Кемин районунан 1-орунду, Бишкек шаарынан 1-орунду, Чүй облусундагы самбо боюнча өткөн мелдеште 3-орунду жана башка көптөгөн мелдештерге катышып, алдыңкы орундарга жетишип келдим. Мындан сырткары куран окуу боюнча сынактарга катышып жүрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×