Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 02.01.2018 16:49

Видео — Чүйдөгү көп кабаттуу үйлөрдү суу каптады

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда төрт кабаттуу үйлөрдү жер астынан чыккан суулар каптоодо. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар - Гуля Токтомушова, Бурулкан Калыкова, Жылдыз Бакировалар билдиришти.

Алардын айтымында, көп кабаттуу үйлөр Шоссе көчөсүндө жайгашкан. Бир нече айдан бери үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптап, батирлерде нымдуулук көп болууда. Жалпысынан көп кабаттуу 14 үйдүн жер төлөлөрүн суу каптаган.

Ж.Бакирова белгилегендей, бул маселе боюнча алар айыл өкмөткө кайрылышкан. Ал жактан жер алдынан чыккан сууларды жок кылуу үчүн Бишкек-Торугарт унаа жолун казуу керектигин айтышкан.

Бирок, мындай иштерге уруксаат берилбей келет.

«Биз жолду казууну өтүнөбүз, антпесе суу кетпейт. Биз турак жайсыз калышыбыз мүмкүн. Ал жерде мыйзамсыз бир нече май куюуучу бекеттер бар экенин айтышты. Ал жактан дагы казууга уруксат бербей жатышат», - деди ал.

Ошондой эле, нымдуулуктун улам жагымсыз жыт пайда болуп, балдар ооруп жаткандыгын белгиледи.

Ал эми Г.Токтомушова жана Б.Калыкова бул маселе боюнча тиешелүү органдарга кайрылышканын жана эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын белгилешти.

«Мен бул үйдө 12 жылдан бери экинчи кабатта жашайм. Биринчи жолу ушундай кырдаал болуп жатат. Үйдөгү эмеректердин ичин көк дат басып кетти. Менин кичинекей 3 балам бар. Эми кантип жашайбыз?», - деди тургун.

Дагы бир жергиликтүү тургун 1-кабатта жайгашкан батирлердеги нымдуулукту өлчөгөнүн айтты. Текшерүүнүн жыйынтыгында батирлердеги нымдуулуктун деңгээги 57% экендиги аныкталган.

«Ушундай шартта кантип жашайбыз. Балдарыбыз ооруп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×