Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Чүйдүн башчысы мектепте иске уулангандардын абалынан кабар алды

Turmush -  Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагулов Чүй райондук аймактык ооруканага барып, генератордон чыккан түтүнгө ууланган жабырлануучулардын абалын сурады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

IMG-20171228-WA0040

Маалым болгондой, учурда абалы жакшы окуучуларды жана мугалимдерди ооруканадан чыгаруу боюнча дарыгерлердин консилиуму болуп жатат.

Окуя тууралуу:

Чүй районунун Кегети айылындагы мектепте генератордон чыккан түтүнгө ууланган окуучулардын жана мугалимдердин алтоосу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 27-декабрда болжол менен саат 15:30дар чамасында Чүй районунун аймактык ооруканасына балдар жана чоң адамдар келип түшкөн.

Кийинчерээк өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова бул окуя тууралуу маалымат берип, 27-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүп, оор кар жаагандыгына байланыштуу, Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүндө электр жарыгы өчүрүлгөндүгүн айтты.

«Чүй районунун Кегети айыл аймагына караштуу Кегети айылындагы Исаев атындагы орто мектепте жаӊы жылдык балаты майрамы өткөрүү мезгилинде жогоруда айтылган себептердин негизинде электр жарыгынын жоктугуна байланыштуу генератор менен электр жарыгы берилген. Жаӊы жылдык балаты майрамына мектептин 7-8-класстарынын окуучулары катышкан.

Алгач саат 15:20 чамасында 46 окуучу жана 4 мугалим ооруканага кайрылган, андан тышкары 60 окуучуну профилактика максатында ооруканага дарыгерлер менен чогуу алынып келинген. Баардыгы 106 окуучуну райондук аймактык ооруканада текшерип, 72 балага алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүлүп, ата-энелери менен үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бардык балдар жана мугалимдер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун көзөмөлүндө. 34 окуучу, 4 мугалим ооруканада калды. Алардын ичинен 2 окуучу жана 1 мугалим орточо абалдагы уулануу менен, 32 окуучу жана 3 мугалим жеӊил уулануу абалында. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, оор абалдагылар жок.

Бүгүн, 28-декабрда саат 9:00дө баардыгы 35 адам (32 окуучу жана 3 мугалим) ооруканадан чыгарылат. Ооруканада 2 окуучу жана 1 мугалим дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлик борборунун жана жергиликтүү ҮДТнын дарыгерлери тарабынан жеринде тиешелүү иш жүргүзүлүп, ар бир үйдөгү балдар текшерилип, көзөмөлдө турат», - деди ал.

Буга чейин Чүй облусунда дискотека уюштурган окуучулар генератордон чыккан түтүнгө ууланышкандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалым болгондой, Чүй районунда ушул жылдын 27-декабрында саат 14:00дө Кегети айыл аймагындагы Кегети айылынын Исаев атындагы орто мектебинин 7-8-классынын окуучулары электр жарыгы жок учурда мектептин спорт залында электр чыгаруучу генератордун жардамында дискотека уюштурушкан. Анын кесепетинен саат 17:00дөн баштап Чүй райондук ооруканасына 50гө жакын окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланып кайрылышкан. Азыркы учурда ооруканага кайрылган окуучулардын абалы туруктуу.

Туруксуз аба ырайы Чүй жана Талас облустарында электр жарыгынын өчүрүлүшүнө себеп болгондугун «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан маалымдашкан.

Аталган түзүмдөн билдиргендей, кардын салмагынан, бак-дарактардын бутагынын оордугунан аба чубалгылар үзүлүп кеткен. Кээ бир чубалгылардын участокторунда шамалдын айынан изоляторлордун, чубалгы ажыраткычтардын жана башка жабдуулардын бузулушуна алып келген.

«27-декабрь түнү болгон туруксуз аба ырайы Чүй облусундагы Токмок шаарынын, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун жана Талас облусундагы Манас, Кара-Буура райондорунун электр жарыгынын өчүрүлүшүнө алып келди. Учурда “Түндүк электр” ААКтын 128 электр куроочулардын оперативдүү бригадасы жаратылыш кубулушунун кесепетинен өчүрүлгөн участоктордун электр энергиясын калыбына келтирүү менен алек. Ошондой эле атайын техникалардын бардыгы ишке тартылды», - деп айтылат маалыматта

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1784
Көп окулду
×