Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Чүй

Бурана комплексинин жанында таксистти өлтүрө сабап кеткен шектүүлөрдүн бири кармалды

Turmush -  Токмок шаарындагы Бурана комплексинин жанында таксинин айдоочусун өлтүрө сабап кетүүгө шектүү делип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 26-декабрь күнү саат 03:30 чамасында аймактык ооруканадан денесинен көп жаракат алган 3 эркек киши түшкөнү тууралуу билдиришкен.

Окуя болгон жерге Чүй РИИБдин ыкчам иликтөө тобу жиберилип, алар жаракат алган адамдардын өздүгүн тактаган. Алар: Токмок шаарынын 37 жаштагы тургуну Н.С., ушул эле шаардын 21 жаштагы тургуну Р.Б. жана Чүй районунун 18 жаштагы тургуну Н.А. болгон. Жабырлануучулар Токмок шаарындагы жеке фирмалардын биринде таксинин айдоочусу болуп иштеп жатышкан.

Окуянын кесепетинен алган оор жаракатынан улам 37 жаштагы Н.С. ооруканада көз жумду.

Чүй ОИИБдин кызматкерлери алдын ала териштирүүнүн жүрүшүндө 26-декабрда саат 02:40 чамасында таксиге чакыруу түшүп жана анын айдоочусу тааныштары менен Чүй айылына барганын аныкташты. «Алар чакыруу түшкөн жерге келгенде Бурана комплексинин жанында белгисиз адамдардын тобу турган. Болжол менен 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү жигит аларды кемсинтип, андан кийин топтогу эки адам сабап баштаган. Таксинин айдоочусу коркунучту билдирүүчү баскычты басканга жетишкен. Топтогу адамдардын бири аларга качып кетүүгө жардам берген», - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, окуя болгон жерге айдоочунун кесиптештери жардам берүү үчүн барышкан. Бирок алар келгенде таксинин айдоочусу жалгыз болгон. Шектүүлөр аны катуу ур-токмокко алган.

Чүй ОИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бирин кармады. Ал 22 жаштагы жергиликтүү тургун К.У. экени белгилүү болду.

Аталган факты Чүй РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмүнүн (Саламаттыкка атайлап оор залал келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иш козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1092
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×