Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 28.12.2017 08:15 На русском

Электр жарыгысыз дискотека: Кегетиде 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды

Turmush -  Чүй облусунда дискотека уюштурган окуучулар генератордон чыккан түтүнгө ууланышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 27-декабрда саат 14:00 чамасында Кегети айыл аймагындагы Кегети айылынын Исаев атындагы орто мектебинин 7-8-классынын окуучулары электр жарыгы жок учурда мектептин спорт залында генератордун жардамында дискотека уюштурушкан. Саат 17:00дөн баштап Чүй райондук ооруканасына 50гө жакын окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланып кайрылышкан. Азыркы учурда ооруканага кайрылган окуучулардын абалы туруктуу.

Буга чейин туруксуз аба ырайы Чүй жана Талас облустарында электр жарыгынын өчүрүлүшүнө себеп болгондугун «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан маалымдашкан болчу.

Аталган түзүмдөн билдиргендей, кардын салмагынан, бак-дарактардын бутагынын оордугунан аба чубалгылар үзүлүп кеткен. Кээ бир участоктордо шамалдын айынан изоляторлордун, чубалгы ажыраткычтардын жана башка жабдуулардын бузулушуна алып келген.

«27-декабрга караган түнү болгон туруксуз аба ырайы Чүй облусундагы Токмок шаарынын, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун жана Талас облусундагы Манас, Кара-Буура райондорунун электр жарыгынын өчүрүлүшүнө алып келди. Учурда “Түндүк электр” ААКтын 128 электр куроочулардын оперативдүү бригадасы жаратылыш кубулушунун кесепетинен өчүрүлгөн участоктордун электр энергиясын калыбына келтирүү менен алек. Ошондой эле атайын техникалардын бардыгы ишке тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×