Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Чүй районунда мал уурдоого шектелген тургун кармалды

Turmush -  Чүй районунда мал уурдоого шектелген 38 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 22-декабрь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Кошой айылынын 75 жаштагы К.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 21-декабрда түнкү саат 10:00дөр чамасында белгисиз адамдар анын бир баш коюн уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Чүй РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, мал уурдоого шектүү делген Чүй районунун 38 жаштагы Т.З. аттуу тургуну кармалган.

Чүй РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 737
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×