Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Айыл турмушу: 42 жаштагы К.Мамыркулова кыздарга сеп жасап киреше табат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылынын 42 жаштагы тургуну Кыял Мамыркулова кичинекей кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал уз-чеберчиликти таенесинен жана апасынан үйрөнгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бала кезде апама жана таенеме жардам берип жүрүп, кол өнөрчүлүккө эрте аралаштым. Таенем колунан көрү төгүлгөн уз-чебер эле. Ал боз үйдү толук жасап чыкчу. Апам болсо сайма сайып, туш кийиз жасачу. Учурда мен курак курап, кыздын себине керектүү буюмдардын баарын жасайм. Баалары ар кандай, келишимге жараша», - деди ал.

Чүйлүк кол өнөрчү 1975-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

«Өзгөрүш айылындагы Чодошев атындагы орто мектептен билим алып чыккам. Андан соң 1993-1995-жылдары Бишкек шаарындагы Чокморов атындагы кол өнөрчүлөр окуу жайында билим алдым», - деди ал.

Кол өнөрчү жолдошу Жеңишбек Мамырбаев менен 1 кыз жана 2 уулду тарбиялап жатат.

«Жолдошум Жеңишбек экөөбүз чогуу окуганбыз. Ал дагы кол өнөрчү. Нур жана Орозбек аттуу уулдарыбыз атасын тартып, кол өнөрчүлүккө кызыгып жүрүшөт. Улак тартышка катышат. Кызым Айпери да шурудан, жиптен кооз буюмдарды жасайт», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1788
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×