Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк уста М.Абакиров эки кабаттуу инновациялык мештерди салып жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кызыл-Аскер айылынын 42 жаштагы тургуну Максат Абакиров эки кабаттуу инновациялык мештерди салып, Чүй ѳрѳѳнүнѳн кардарларын кѳбѳйтүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

М.Абакиров 1975-жылы Нарын облусунда тѳрѳлүп, Чүйгө 2000-жылы кѳчүп келген.

«Кезинде №60 кесиптик техникалык окуу жайынан машинист механизатор кесибин окуп чыккам. Бирок бул кесип менен иштеген жокмун. Кийин айыл чарба институтуна ѳтүп, аны 3-курска чейин окуп, үй-бүлѳлүк шарттарга байланыштуу улантпай калдым. Ал эми бул устачылык ѳнѳрдү аркалап келе жатканыма 11 жылдын жүзү болуп калды. Ага чейин соода жана башка тармактарда алектенип жүрчүбүз.

Учурда Бишкек шаарында, Чүй облусунда иштеп жатабыз. Тактап айтканда берки жагы Кемин, аркы жагы Сокулук районуна чейин ушул мештерди салып келдик. Бир гана үйдүн ичиндеги мешти гана эмес, жаңы типтеги, отунду үнѳмдүү колдонгон очокторду салып жатабыз. Ушул очокторго да кѳп буйрутмалар болуп жатат. Ал эми эки кабаттуу инновациялык мештерди кѳп эле киши буйрутма берип салдырышты. Канча кишиге салганыбызды деле эстей албай калдык», - деди ал.

Жаңы мештерди салууну Максат уста коомдук уюмдун окуусуна катышып үйрѳнгѳн.

«Бул мешти салып баштаганыбызга 2 жыл болду. Биз ѳзүбүздүн үйгѳ да салганбыз. Жылуулугу абдан жакшы. Бир жагып койгон от кѳпкѳ жылуулугун сактап турат экен. Кээ бир кардарлар биринчи салынган мештерди кѳрѳбүз дешсе, аларга кѳрсѳтѳ турган мештерибиз бар. Аны кѳрүп, андан соң салдырышса болот.

Бир коомдук уюм биздин айылга келип, тренинг ѳткѳрүп кетишкен. Ошондон үйрѳнгѳнбүз. Ага чейин өзүбүздүн салып жүргѳн мештерди куруп жүргѳнбүз. Былтыр тѳрт үйгѳ меш салып, ага ѳзүбүздүн да идея, ойлорубузду кошуп жасаганбыз. Кыш чыккандан кийин ошол үйлѳрдүн ээлери абдан ыраазычылыгын билдиришкен. Ошолордон уккан тааныш-билиш, туугандары буйрутма берип, азыр кардарларыбыз кѳбѳйүп калды», - деди уста.

Анын айтымында, жаңы мешти 2 кабат эмес, андан кѳп кабатка чейин көтөрүп салса болот.

«Бирѳѳнүн үйү мансард түрүндѳ экен. Үйдүн кожоюну "үстүңкү кабатты да жылыткандай кылып меш салып бер" деди. Биз салып жаткан мештин өзү туурасынан болгондуктан, аны 2 кабат эмес, андан кѳп кабатка деле чоңойто берсе болот экен. Отту тартышы да жакшы. Бул мештин дагы бир ѳзгѳчѳлүгү адамдарга коопсуз экен. Ичи толуп калбайт, кенен болот. Жѳнѳкѳй мештер бир кышта эле толуп калса, бул жаңы меш 2-3 кышта араң толушу мүмкүн. Себеби түтүн чыга турган мордун кѳздѳрү абдан чоң-чоң келет. Муну ар кандай формада жасоого дагы аракет кылабыз. Буга жылытуу системасын да туташтырып жасаса жакшы болот», - деди ал.

Анын салган мештеринин баасы 7 миң сомдон 15 миң сомго чейин барат.

«Мештердин баасы курулуштун татаалдыгына жана материалына жараша болот. Болжол менен 7000 сомдон 15 000 сомго чейин. Мисалы, 1 кабат үйгѳ салына турган 1 метр 20 сантиметрге чейинки мештер 7000 сомго чейин болот. Ал эми, 2 кабат мештин баасы башкача эсептелинет. Кирпичтерди ѳйдѳ алып чыгуу жана башка жумуштары кичине оорлойт. Андан сырткары дубалдын бийиктиги да баага таасир берет. Мындан тышкары кооздоп жасалгалоо, сыртын шыбап берүү жана башка иштерге өзүнчө каражат алынат.

Очоктордун баасын айта турган болсок, казандын бир кѳзү 3500 сомдон 4000 сомго чейин болот», - деди ал.

Уста жакында эле Токмоктогу көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жайгашкан барак тибиндеги үйлөрдүн бирине биринчи жолу бийиктиги 5 метр 10 см болгон инновациялык түрдөгү меш салып берди.

«Бул меш үйдүн биринчи кабатын гана жылытпастан, үстүн дагы жылытат. Мештин эффективдүүлүгүн айта кетсек, ал Т формасында жайгашкан 3 бөлмөнү жылытканга ылайыкташып жасалды. Тактап айтканда, төмөнкү кабаттагы 3 бөлмөнү гана жылытпастан, үстүңкү үч бөлмөнү да кошо жылытат. Жыйынтыгында бир эле меш аркылуу алты бөлмөнү жылытса болот. Миң кирпич бир ысып алгандан кийин бир топ эле энергияны бөлүп чыгарат. Мештин ичиндеги оту өчүп, табы акырындап кайтып, муздап бүткүчөктү бөлмөлөргө бир кыйла жылуулук берет. Анын үстүнө муздак желди киргизбей, жылуулукту көпкө кармай турган энергоэффективдүү желим терезе, эшиктер менен жабдылган үйлөрдүн ичи жылуулукту көпкө чейин жакшы кармайт экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1319
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×