Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 13.12.2017 11:56

Айыл турмушу: 61 жаштагы кол өнөрчү С.Чалакеева шырдак менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Дѳң-Арык айылынын 61 жаштагы тургуну Саадат Чалакеева 25 жылдан бери кол ѳнѳрчүлүк менен алектенет. Ал айылдагы 15 аялдан түзүлгѳн кол ѳнѳрчүлѳр тобунда иштейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен бул кол ѳнѳрчүлүк менен алектенип жатканыма 25 жылдын жүзү болду. Башында апамдан үйрѳнгѳм. Биздин айылда 15 аялдан турган кол ѳнѳрчүлѳрдүн тобу бар. Ошондо эмгектенип, эмгегибиздин 1 чарчы метрине 700 сом айлык алып иштейбиз. Мен шырдак оюп, кесип, жээктерин даярдап берем. Ѳзүм ушул Дѳң-Арык айылынын орто мектебинде 1963-1973-жылдар аралыгында окугам», - деди ал.

Саадат Чалакеева Чүй районуна караштуу Дѳң-Арык айылында 1956-жылы 11-июнда тѳрѳлгѳн.

«Жолдошум Жеңишбек Сыдыгалиев экѳѳбүз 2 уул, 2 кызды тарбиялап, 1 небере, 8 жээн неберелүү болдук. Жолдошум 2015-жылы ооруп каза болгон. Экѳѳбүз бир айылдан элек. Ал мени 1977-жылы ала качып кетип, баш кошконбуз. Үй-бүлѳдѳ ынтымак жана бактылуулук болуш үчүн экѳѳ бирин-бири түшүнүп жашаш керек. Мындан тышкары аял киши кѳтѳрүмдүү, кечиримдүү болушу зарыл», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×