Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Айыл турмушу: 41 жыл кол өнөрчүлүк менен алектенген Шамбүбү апанын шырдактарына чет элдиктер буйрутма берет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дѳң-Арык айылынын 72 жаштагы тургуну Шамбүбү Мамытова 15 жыл медицина кызматкери болгон. Акыркы 41 жылдан бери уз-чебер аялдардын башын бириктирип, улуттук кол ѳнѳрчүлүктү ѳнүктүрүүдө. Учурда анын командасы шырдактан баштап, боз үйдүн майда-чүйдөсүнө чейин жасайт. Шамбүбү апа менен аймактык кабарчы таанышты.

WhatsApp Image 2017-12-08 at 09.58.25

Шамбүбү Мамытова Дѳң-Арык айылындагы орто мектебин бүтүргѳндөн кийин Токмоктогу медициналык окуу жайда окуган. Аталган окуу жайды аяктагандан кийин Дѳң-Арык айылындагы ФАПта иштеп калган.

«Ал жерде фельдшер жана ФАПтын жетекчиси болуп 15 жылдай иштегем. 1976-жылдары кыргыз телеканалдарынан кыргыз элинин кол ѳнѳрчүлүгү боюнча көрсөтүүлөрдү берип, кол ѳнѳрчүлүктү ѳнүктүрүү демилгелери көтөрүлүп баштаган. Ошондо менде кол ѳнѳрчүлүктү ѳнүктүрүү боюнча идея келди. Анын үстүнѳ ошол мезгилдерде биздин айылда  кызылча иштетүү токтоп калган. Мындан улам кѳп аялдар жумушсуз калгандыктан аларды чогултуп, жумуш берүү максатында Токмоктогу чоң кийиз фабрикасына бардым. Ошол мезгилде ал кийиз фабрикасынын директору Ярышев деген киши экен. Фабриканын директоруна айылдагы жагдайды түшүндүрүп, бизге жумуш берүүнү сурандым. Ярышев бизден "эмне жасаганды билесиңер?" деп сурады. Биз жасаган шырдактарыбызды алып барып кѳрсѳттүк. Ал жасаган шырдактарыбызды абдан жактырып, иштешүүгѳ макулдугун берди. Ошентип 15 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү.

Колунан кѳрү тѳгүлгѳн уз-чебер Анара Ниязалиева деген тубаса таланттуу жеңем бар. Ал киши шырдактын оюларын оюп, чийип, кесип даярдачу. Жасаган шырдактарыбызды ошол Токмоктогу кийиз фабрикасына ѳткѳрүп, айлык акы алчубуз», - деди ал.

Токмоктогу фабриканын директору Шамбүбү апага боз үйдүн жасалгасын даярдоону сунуштаган. Ошондон тартып боз үйдүн жасалгаларын да, шырдактарды да жасап башташкан.

«Ошол мезгилде биздин кол ѳнѳрчүлѳр тобу эң жогорку айлык акы алчубуз. Тактап айтканда 200 рубль ѳлчѳмүндѳ каражат алар элек. 1976-жылдары биз тобубуз менен биринчи жолу мамлекеттик кол ѳнѳрчүлѳр кѳргѳзмѳсүнѳ катыштык. Ал чоң кѳргѳзмѳдѳн биз биринчи орунду жеңип алганбыз. Ал мезгилде калыстар тобунун тѳрагасы Султан Макашев болчу. Кийинки кѳргѳзмѳлѳрдѳ деле алдыңкы орундарды берген жокпуз.

WhatsApp Image 2017-12-08 at 09.58.26

Бир күнү Токмоктогу фабриканын директору бизге боз үйдүн жасалгасын даярдоону сунуштады. Ошондон тартып биз боз үйдүн жасалгаларын да, шырдактарды да жасап баштадык. Кийинчирээк калпактарды, чепкен, кементайларды да тигип жүрдүк. Азыркы күндѳ биз бир беткей шырдак эле жасайбыз. Ошол жылдардан бери бизде абдан кѳп аялдар иштеп, тарбияланып, үйрѳнүп кетишти. Анын ичинен пенсияга чыгып кеткендер да кѳп болду. Азыр бизде 15 аял иштейт», - деди ал.

Шамбүбү апа жана анын тобу жасаган шырдактар дүйнѳнүн булуң-бурчуна чейин жетүүдѳ.

«Азыр бизге шырдак жасаганга буйрутма берген кардарлар жетиштүү. Учурда кол ѳнѳрчүлѳр бирикмеси менен иштейбиз. Ал бирикме бизге бардык шарттарды түзүп берген. Ал жактан жакшы айлык акы алабыз. Аны менен бирге бизге ѳзүнчѳ да чет элдик ѳкүлдѳр келип, ар түрдүү шырдактарды буйрутма менен жасатып кетишет», - деди ал.

Шамбүбү Мамытова Дѳң-Арык айылында 1945-жылы 23-февралда тѳрѳлгѳн.

«Жолдошум Союзбек Окушев экѳѳбүздүн бирге жашаганыбызга 50 жыл болду. Ошол жылдын ичинде биз эки кыз жана бир уулду тарбияладык. Тѳрт небере, тѳрт чѳбѳрѳнүн чоң ата, чоң апасы болдук. Жолдошум дагы ушул биздин Дѳң-Арык айылында туулган. Кезинде айылдагы колхоз-совхоздун чарбасында электрик, ѳрт ѳчүрүүчү болуп иштеп турган. Азыр жолдошум ардактуу эс алууда.

Жаштарга айтарым, кыргыздын кол ѳнѳрчүлүгүн улантып, муундан муунга калтырышса дейм. Кыргыз элинин кол ѳнѳрчүлүгүн кадырлап, барктап, аны бизнес катары эмес, биздин маданият катары алып жүрүшсѳ», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1190
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×