Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 17.10.2017 10:51

Чүйдүн Искра айылындагы 60 турак үй электр жарыксыз калышты

Turmush -  Чүй районуна караштуу Искра айылында тургундар кабелдик чубалгысын үзүп алышты. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 16-октябрда саат 17:00дө жергиликтүү мечиттин тосмолорун курууда тургундар тарабынан №477 трансформаторунан 6 кВ чыңалуусундагы №41 аба чубалгы тирөөчүнүн аралыгындагы 6 кВ кабелдик чубалгысы үзүлгөн. Анын кесепетинен 17-октябрь күнү эртең менен 60ка жакын үйлөр электр жарыксыз калышты.

«Бул участокто керектөөчүлөрдү башка электр булагына кошууга техникалык мүмкүнчүлүк жок. Учурда күнөөкөрлөр үзүлгөн кабелди калыбына келтирүү боюнча иш алып барууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×