Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 02.09.2017 12:32

Чүйлүк тургун 4 бодо мал сойдуруп, этин балдар үйлөрүнө, жардамга муктаждарга таратып берди

Turmush -  Чүй районундагы Маданият айылынын тургуну Болот Мамбеткаримов өз каражатынан 4 уй сойдуруп, этин балдар үйүнө, карылар үйүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып берди. Бул тууралуу Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Эттер томолой жетим 35 балага, Көк-Жар айылындагы медресеге, «Үмүт» реабилитациялык балдар борборуна, Кызыл-Суудагы интернатка, Токмок шаарындагы балдар үйүнө, «Бейкут» үйүнө, Искра айылындагы майыптар үйүнө, Чүй районундагы Арал, Мичурин, Прогресс, Кайырма, Маданият, Он Бир-Жылга, Кызыл-Суу, Кош-Коргон, Покровка айылдарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×