Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 03.08.2017 13:18

Буранин айыл өкмөтүнүн башчылыгына 32 жаштагы К.Ашымов келди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Буранин айыл өкмөтүнүн башчылыгына 32 жаштагы Канатбек Ашымов келди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн кабарлашты.

15823003_223050828143173_4439242015418584377_n

Канатбек Ашымов 2003-2008-жылдары Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономика жана менеджмент факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 2008-жылдан 2009-жылга чейин Чүй аймактык жерди жана мүлктөрдү каттоо башкармалыгынын 1-категориядагы адиси;
- 2009-жылдан 2013-жылга чейин Токмок шаарындагы УМСтин башкы адиси;
- 2014-жылы «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасынын директору;
- 2014-жылдан 2017-жылга чейин «Жылуулук камсыздоо» мамлекеттик ишканасындагы №3 участоктун жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×