Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 08.07.2017 12:46

Чүйдүн Он Бир-Жылга айыл аймагына жаңы ФАП курулуп жатат (фото)

Turmush -  Чүй районундагы Он Бир-Жылга айыл аймагында ФАПтын курулуш иштери август айында толук бүтүп, ишке берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Ильичбек Сыдыков билдирди.

«ФАПтын курулушу 10-майда башталган. Аны арабдар куруп жатышат. Биз имараттын тегерегин курчап, анын ичине жылуулук системасын киргизип, дааратканасын курабыз. Мурунку ФАП эски жана өтө кичинекей болчу. Жаңы имарат 7 бөлмөлүү болуп курулууда», - деди ал.

Он Бир-Жылга айыл өкмөтүнө 3 айыл карайт. Калктын жалпы саны 3 миң 200 адамга жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×