Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 06.07.2017 15:16

Эл ичи — өнөр кенчи: Чүйлүк 23 жаштагы Ж.Уранов Финляндияда грэпплинг боюнча күч сынашат (фото)

Turmush -  Чүйлүк 23 жаштагы Жакшылык Уранов грэпплинг боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спорт менен 7-классынан бери машыгат.

«Алгач күрөш менен машыгып келсем, 10-класстан бери грэпплинг менен машыгып жатам. Бул спортту башында жакшы түшүнбөй, көп кыйынчылык көргөн күндөрүм болду. Машыктыруучум Марбек Калбаевдин жардамы менен ийгиликке жете баштадым. 2015-жылы Казакстанда өткөн мелдештен ийгиликке жетсем, 2016-жылы Азия оюндарынан 70 жана 77 кг салмактарда чемпион болдум. Быйыл Финляндияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка кызуу даярдык көрүп жаткан кезим», - деди ал.

Чемпион үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×