Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 28.06.2017 09:56

Искра айылындагы 15 үй-бүлө үйлүү болушту (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Искра айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө үй куруп беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, 15 үй-бүлөгө жалпы үч турак жай курулуп, анын бири 5 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган. Азыркы учурда бул турак жайдын биринде 5 үй-бүлө жашап жатат. Дагы 5 үй-бүлөгө жакын арада бүткөн үйдүн ачкычтары тапшырылганы турат.

Буга чейин Батиза Андалиева 4 баланы жалгыз тарбиялап, үй курууга шарты жок болуп келген.

«Биз мындай чоң белекти күткөн эмеспиз. Өзүм ашпозчумун, 4 баланы жалгыз тарбиялайм. Мен үчүн үй куруу жөн гана кыял болчу. Эми кыялыбызга да жеттик»,- деди ал.

Муктаж үй-бүлөлөргө турак үйлөрдү демөөрчү фонддор куруп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×