Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 27.06.2017 16:04

Искра айылында мечит менен диний окуу жай курулду

Turmush -  Чүй районунун Искра айылында мечит менен диний окуу жай курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мечиттин имамы Марс Кыдыралиев кабарлады.

Маалым болгондой, арабдардын эл аралык фонду тарабынан каржыланган мечиттин курулушу 5 айда бүткөрүлдү.

«Курулуш иштери 2016-жылдын декабрь айында башталып, 2017-жылдын май айында бүттү. Салтанаттуу ачылышы 15-майда болду. Мечит атайын диний окуу жайы менен курулду. Окуй турган имаратта ашкана бүткөрүлүп жатат. Окуу жай 30 балага ылайыктуу жана 1-июлдан тарта балдарды окууга кабыл ала баштайбыз. 1 ай боло турган окууну алгач 20 бала менен баштасак деп турабыз. 21-июндан 22-июнга караган түнү мечитте айылдын 50гө жакын тургуну кадыр түн тосушкан», - деди М.Кыдыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×