Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Бурана дарыясынын жээктери бекемделүүдө

Turmush -  Чүй районундагы Бурана дарыясынын коркунуч туудурган жээктерин бекемдөө жана тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин райондогу башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иштерге жүктөгүч техника тартылган. Учурда Алчалуу айылындагы үйлөргө жаралган кооптуу абалды жоюу иштери аяктап калды.

«Ибраимов айыл аймагынын жана Алчалуу айылынын түштүк жагында жайгашкан Бурана дарыясынын нугун тазалоо жана жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Иштер Ибраимов айыл өкмөтү жана Чүй райондук жарандык коргоо комиссиясы менен биргеликте жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1088
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×